24.kg
16:12, 09 июля 2021, 24.kg

РФда мигранттарга убактылуу жашоого уруксат берүү тартибин жоюу сунушталууда

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) мигранттардын Орусияда жүрүү эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ нормативдик-укуктук актылардын порталына жарыяланды.

Долбоордо чет өлкөлүктөргө Орусияда убактылуу жашап турууга уруксат берүү тажрыйбасынан баш тартуу жана анын ордуна Орусияда жүрүүнүн үч миграциялык режимин киргизүү сунушталган:

— кыска убакыт жүрүү режими — бир жылда 90 күндөн көп эмес;

— узак убакыт жүрүү режими — убактылуу жашап турууга уруксат албастан бир жылда 90 күндөн ашык;

— туруктуу, мөөнөтсүз жүрүү режими.

Документке ылайык, мындан тышкары мигранттар Орусияда жүрүү үчүн он жылдык мөөнөткө бериле турган электрондук түрдөгү бирдиктүү документти алышы керек болот. Аны алуу үчүн бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүү керек. Мындан тышкары жугуштуу оорулардын жоктугун жана маңзатка көз каранды эмес экенин ырастоо үчүн атайын медициналык текшерүүдөн өтүү талап кылынат. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18