24.kg
09:17, 09 июля 2021, 24.kg

Токиодоги олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт

23-июлда Жапониянын баш калаасы Токио шаарында баштала турган олимпиадалык мелдештер көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Олимпиада иштери боюнча министри Тамаё Марукава билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим коронавирустун «дельта» деп аталган жаңы штаммынын жайылуусуна байланыштуу кабыл алынды.

«Көрүүчүлөр баш калаанын сыртында өтө турган айрым мелдештерге киргизилиши мүмкүн. Ал боюнча чечимди аймактардын бийликтери кабыл алышат», — деди министр.

Буга чейин жапон өкмөтү оюндардын ачылуу аземин көрүүчүлөрсүз өткөрүү жана мелдештерге он миңден ашпаган жергиликтүү гана көрүүчүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алган.

Былтыр коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган XXXII Жайкы Олимп оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Токио шаарында өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18