24.kg
09:06, 08 июля 2021, 24.kg

Гаитинин президенти Жовенель Моизди өз үйүнөн атып кетишти

Гаитинин президенти Жовенель Моизди жеке менчик резиденциясында белгисиз адамдар атып кетишти. Президент 7-июлга караган түнү болгон кол салууда көз жумганы белгилүү болду.

Гаитинин премьер-министри Клод Жозеф кол салууну «адамгерчиликсиздик жана жырткычтык» деп мүнөздөдү. Анын айтымында, президенттин жаракат алган жубайы учурда ооруканада жатат.

«Өлкөдөгү коопсуздукка байланыштуу кырдаал Гаитинин Улуттук полициясы менен Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө», — деди Жозеф.

53 жаштагы Жовенель Моиз 2017-жылы мурдагы президент отставкага кеткенден кийин бийликке келген. Анын президенттик мөөнөтү жемкорлукка байланыштуу айыптоолор жана өкмөткө каршы демонстрациялар менен коштолду.

Оппозиция аны өлкөдө диктаторлук режимди орноткусу келет деп айыптаган. Моиз мындай дооматтарды четке каккан. Гаитиде ушул жылдын аягында парламенттик шайлоо өткөнү жаткан.

Гаити Кариб деңизиндеги аралда жайгашкан. Соңку мезгилде бул өлкөдө экономикалык, саясий жана социалдык көйгөйлөр тереңдеп, баш калаа Порт-о-Пренсте кылмыштуу топтордун кол салуулары күчөгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18