24.kg
18:07, 07 июля 2021, 24.kg

Орусияда Кыргызстандын өтүнүчү менен кармалган тажик жараны бошотулду

Башкыртстанда Кыргызстандын өтүнүчү менен кармалган Ворух анклавынын жашоочусу Фуркат Абдуфаттоев убактылуу кармоочу жайдан бошотулду.

Кыргыз бийлиги аны «2019-жылы июлда айылдаштары менен бирге Ворух жана Ак-Сай айылдарынын ортосундагы жолду тосуп, чек арага жакын аймакта башаламандыктын чыгышына түрткү болгон» деп айыптоодо.

Абдуфаттоевдин жакындарынын айтымында, ал 6-июлда аймактан чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бирок 2-августта сотто аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралат.

Абдуфаттоев быйыл 1-февралда Кыргызстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган. Андан бери анын камактагы мөөнөтү төрт жолу узартылган.

Абдуфаттоев өзү жана анын жакындары ал эч бир чек ара чырына катышпаганын билдирип келишет.

Жыл башында Ворухтун дагы бир тургуну — Диловар Жураев Бишкетин өтүнүчү менен Орусияда кармалган. Айрым маалыматтарга караганда, кыргыз бийлиги Ворухтун 23 жашоочусуна эл аралык издөө жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18