24.kg
17:34, 05 июля 2021, 24.kg

Кыргызстандан мал экспорттоого уруксат берилди

8-июлдан тартып малды Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө сатууга уруксат берилет. Бул тууралуу Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Рахатбек Ибраев «Азаттыкка» билдирди.

«Тоют таңкыстыгынан улам малды сыртка экспорттоого уруксат бердик. Ошол эле учурда тоюттун баасы көтөрүлүп бараткандыгына байланыштуу чөп, байытылган тоют, жүгөрү жана арпаны өлкөдөн чыгарууга толук тыюу салынды», — деди ал.

Ибраевдин маалыматына караганда, Кыргызстандан тоют негизинен Казакстанга сатылат.

Бодо малга жана майда жандыкты экспорттоого салынган тыюу алынарын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да 24-июнда маалымдаган.

2020-жылдын ноябрь айында малды сыртка сатууга убактылуу чек коюлган. Айыл чарба министрлиги муну азык-түлүк коопсуздугу, ургаачы мал-жандыктын азайып жатканы менен байланыштырган. Мындай чектөөлөр айрым фермерлерди нааразы кылган.

Быйылкы кургакчылыктан улам чөп аз болуп, баасы өсүп жатат. Министрликтин маалымдашынча быйыл чөп мурунку жылдарга караганда 35% аз жыйналууда.

Ушул тапта бир түк чөптүн баасы талаада орулуп жаткан жеринде орточо 300 сомдон, 1 кило арпа 23-25 сомдон сатылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18