24.kg
09:05, 05 июля 2021, 24.kg

Тажикстанда коронавируска каршы милдеттүү эмдөө киргизилди

Тажикстандын бийлиги 18 жаштан жогорку жарандарды сөзсүз эмдөөдөн өтүүгө милдеттендирди.

Коронавируска каршы республикалык штаб чет өлкөлөрдөн келген жарандарды ПЧР-тесттин жыйынтыгынан көз карандысыз түрдө 10 күн бою үйдөн чыкпоого чакырды. Штаб ошондой эле аш-тойлордо адамдардын санын чектөөнү сунуш кылды.

«Озоди» радиосунун маалыматына караганда, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий саны жогору эмес. Саламаттык сактоо министрлиги 2-июлда 25 адам илдетке чалдыкканын, эки киши оорудан көз жумганын кабарлады.

Тажикстанда пандемия башталгандан бери коронавируска 13,5 миңдей адам чалдыгып, 92 киши оорудан каза тапкан. Көз карандысыз эксперттер чыныгы көрсөткүчтөр алда канча көп болушу ыктымалдыгын айтып келишет.

Өлкөдө эмдөөдө Индияда чыгарылган AstraZeneca жана Кытайдын CoronaVac вакциналары колдонулуп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18