24.kg
09:20, 02 июля 2021, 24.kg

Алматыда дааратканага түшүп кеткен аял менен эки небереси каза болду

Казакстанда 66 жаштагы аял жана анын эки небереси дааратканын чуңкуруна түшүп кетип каза болушту.

Кырсык шаршемби күнү кечинде Алматынын Наурызбай районуна караштуу Абай айылында болгон.

Куткаруучулардын маалыматына караганда, алгач дааратканага 2020-жылкы кыз түшүп кеткен. Наристени куткарууга аракет кылган анын 12 жаштагы агасы менен 66 жаштагы чоң энеси да чыга албай калышкан. Аларга жардамга келген балдардын 40 жаштагы атасы чуңкурга киргенден кийин эс-учун жоготуп, кийин ооруканага жеткирилген.

Алматынын жака белиндеги жеке турак үйлөрдүн көбү борбордук канализацияга туташтырылган эмес, мындан улам жашоочулар сырттагы дааратканаларды же септиктерди колдонушат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18