24.kg
17:29, 01 июля 2021, 24.kg

«Ишеним» партиясынын лидерлери Бишкекти өнүктүрүү боюнча КТРКдан кайрылуу жасады

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышып жаткан «Ишеним» саясий партиясынын талапкери Рыспай Аматов жана Таалайбек Дайырбеков коомдук биринчи каналдын түз эфиринде шайлоочуларга кайрылып, партиянын программасы менен кенен тааныштырды.

Photo 218076

Талапкер Рыспай Аматов өз сөзүндө буларга токтолду:

«Ишеним партиясынын өзөгүн жаш, чечкиндүү, тажрыйбалуу, кесипкөй адистерден куралды. Бул курам баш калаадагы көйгөйлөрдү жөн гана сыртынан карап, курулай сынга албастан, ошол кемчиликтерди жоюп, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун тапкан адистерден турат. Бишкектин негизги көйгөйү — бул баш аламан курулуштар жана экология.

Ишеним партиясынын курамындагы ар бир инсан куру убада менен элди алдоодон алыс. Биздин милдет, моюнубузга алган жоопкерчиликти аткаруу. Биздин көпчүлүк мүчөлөрүбүз калың элдин катарынан чыккан карапайым адамдар. Биз ар бир шайлоочубузду сыйлайбыз. Шаарыбыздын жаркын келечеги, бакубат турмушубуз үчүн биздин партияга добуш берүүгө чакырып кетем» — деп билдирди.

Photo 218074

Ал эми Таалайбек Дайырбеков болсо шайлоочуларга төмөнкүдөй кайрылуу жасады:

«Менин атым Таалайбек Дайырбеков, мен Бишкек шаарында төрөлүп, өстүм. Менин балалык чагым Свердлов районунда өттү. Мен шаарыбыздын көйгөйлөрүн айттырбай билем, ошондуктан мен төмөнкү багыттарда иштеп келгем жана иштей берем:

  • Жол транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү;
  • Коомдук транспортту жакшыртуу;
  • Турак жай-коммуналдык чарба тутумун модернизациялоо;
  • Билим деңгээлин көтөрүү.

Photo 218075

 

Бул кечиктирүүгө болбой турган орчундуу тапшырмалар. Ошондуктан, Бишкек шаардык Кеңешине көптөгөн жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн барам!

Бул багыттар менин тандоом эмес. Ушул негизги пункттарды ишке ашыруу менен биз Бишкекти бара-бара жашоого ыңгайлуу жана жагымдуу шаарга айлантабыз деп ишенем!»

***

Буйрутмачы: «Ишеним» саясий партиясы. «Ишеним» саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. № 36, 10.06.2021) тарабынан төлөндү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18