24.kg
11:59, 01 июля 2021, 24.kg

Бишкектеги оргумалар тазаланып, ишке киргизилди

Бишкектеги оргумалар тазаланып, ишке киргизилди. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансында 16 оргума комплекси бар. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билидерт.

Маалыматка ылайык, мэриянын тапшырмасы менен Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Соода үйүнүн жанындагы оргума комплекси оңдолуп, ишке киргизилди.

Бүгүнкү күндө «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери 17 оргума комплексин тейлешет.

Жаш Гвардия саябанындагы бир оргумадан башкасы күн сайын саат 10:00дөн 19:00гө чейин иштеп жатат. Ал эми Ала-Тоо аянтында жана Тарых музейинин маңдайындагы оргума саат 21.00гө чейин иштейт.

Бардык оргума комплекстери саат 14.00дөн 16.00гө чейин техникалык тыныгуу үчүн өчүрүлөт, бул кыймылдаткычтардын ысып кетишине жол бербөө үчүн керек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18