24.kg
09:28, 01 июля 2021, 24.kg

Түркия Тажикстан менен дагы аскердик жаатында кызматташат

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Кыргызстандагы сапарынан соң Тажикстанга барды. Бул тууралуу «Азаттык» кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Акар Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо менен жолугуп, эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын талкуулаган.

Анда түрк министри Тажикстанды Түркиянын Орто Азиядагы маанилүү өнөктөшү деп атаган.

Коопсуздук, коргонуу жана коргоо өнөр-жайы кызматташтыкты тереңдетүүгө даярбыз деген Хулуси Акар чек ара коопсуздугу жана терроризм менен күрөшүү жаатындагы тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирген.

Хулуси Акар Кыргызстанга сапар менен 29-30-июнда келген. Анда коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, президент Садыр Жапаров менен жолугуп, аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук багытындагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18