24.kg
09:06, 01 июля 2021, 24.kg

Тажикстанда камактагы диний ишмер экстремизмге айыпталууда

«Озоди» радиосунун өз булагы билдиргендей, экстремизмге айыпталган диний кызматкер Мавлави Абдулло Язгуломинин камактагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Ага диний экстремизмди ачык үгүттөдү деген айып тагылган. Бул боюнча ал беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Мавлави Абдулло Язгуломинин туугандары тергөө абагына азык-түлүк жеткирип жатышканы менен, али аны көрө электигин айтышууда.

Өткөн жумада диний кызматкер туулуп өскөн Ванж районунун тургундары аны бошотууну талап кылып, митинг өткөрүшкөн. Бирок нааразылык күч менен таркатылган. Үч киши кармалган.

Мавлави Абдулло Язгуломини 18-июнда укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен. Анда анын үйүндө тинтүү жүрүп, диний китептер менен 80 миң доллар алынган. Туугандары ал бул акчаны адал эмгеги менен тапканын билдиришүүдө. Жакында ал Ванждан Душанбеге үч жүк ташуучу унаа менен алма алып келип саткан. Ал акчага Душанбеден үй сатып алууну пландаган.

Мавлави Абдуллои Язгуломи соцтармактар аркылуу динге жана улуттук биримдикке үгүттөгөн роликтерди чыгарып келген. Дал ушул видеолор анын кармалышына себеп болгону айтылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18