24.kg
18:24, 30 июня 2021, 24.kg

Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасы сатылып алынды

Кыргызстан Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын сатып алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, министрлер кабинети президенттин тапшырмасы боюнча Кытай өкмөтү менен вакцинанын аталган түрүн жеткирүү тууралуу макулдашкан.

Сатып алынган вакцинанын 1,1 миллион дозасы жакын арада Кыргызстанга атайын чартердик каттам менен жеткирилет. Ушул эле борт менен Кытай тарабынан акысыз негизде берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы да алып келинери айтылды.

«Министрлер кабинети вакцинаны элди эмдөө процессин ылдамдатуу жана оорудан көз жумгандардын санын кыскартуу үчүн сатып алууда», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18