24.kg
13:52, 30 июня 2021, 24.kg

Түркмөнстандан азык-түлүк жүктөлгөн учак келди

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга жакында болгон расмий сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун алкагында жүк келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-июнунда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун аянтчасында Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлиги жана Түркмөнстандын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин кызматташтыгы алкагында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрү ортосунда келишимдерге кол коюлган.

Атап айтканда, жалпы суммасы $21 миллион ашуун суммага жашылча-жемиш, сантехникалык буюмдарды жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча контракт түзүлгөн.

Ошондой эле жетишилген келишимдер алкагында кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү, эки өлкө ишкерлери ортосунда инвестициялык ишмердүүлүктү жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык тууралуу чечим кабыл алынган.

Photo 217810

Көрсөтүлгөн макулдашууларга ылайык, 29-июнда Бишкек шаарына Түркмөнабад шаарынан жүк жүктөлгөн учак келип конду.

Натыйжада кол коюлган контракттардын жыйынтыгы боюнча алгачкы жеткирүү ишке ашырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18