24.kg
16:52, 29 июня 2021, 24.kg

Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн дагы 47 ооган жараны мекенине кайтары

27-июнда Ооганстандын 44 кишиден турган чек ара жана элдик кошуун аскери Өзбекстандын Шортепа уездинде мамлекеттик чек араны бузуп кирген.

Андан бир күн мурун, 26-июнда ушул эле аймак аркылуу коңшу өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн үч өкүлү өткөнү белгилүү болгон.

Бардык жарандар Ооганстанга кайтарылды. Өзбекстан ТИМи бул сыяктуу өлкө аймагына мыйзамсыз өтүү аракеттерине катуу бөгөт коюла турганын эскертти.

Өзбек дипломаттары Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна тынчсызданып, жаатташкан тараптарды күч колдонуудан оолак болууга чакырды.

23-июнда да 53 ооган чек ара кызматкери жана жергиликтүү кошуундун аскерлери курал-жарактары менен Өзбекстандын аймагындагы Шортепа уездине киришкени кабарланган. Тиешелүү тергөө процедуралары көрүлгөндөн кийин алар мекенине кайтарылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18