24.kg
10:01, 29 июня 2021, 24.kg

Чехия Орусиядан €25 млн компенсация талап кылды

Чехия өкмөтү Орусиядан 2014-жылы аскердик кампаларга жасалган жардыруулар үчүн компенсация талап кылды. Врбетице кыштагындагы жардыруудан эки чех жараны өлүп, материалдык чыгымдар келтирилген.

Чехия өкмөтү 25 миллион евро сурап жатат.

Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Мартин Смолек дүйшөмбүдө Орусиянын Прагадагы элчиси Александр Змеевскийге дипломатиялык нота тапшырып, чыгымдын ордун толугу менен жабууну талап кылды. Бул тууралуу «Млада фронта днес» гезити кабарлады.

Компенсациянын дээрлик теңи өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Злинский крайынын аймактык бюджетине которулат. Калган жарымы жардыруу учурунда өлгөндөрдүн үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркагандарга берилет.

Чех бийлиги быйыл апрелде 2014-жылдагы жардырууга орус атайын кызматтарынын тиешеси бар экенин расмий түрдө жарыялаган. Орусиянын эки жараны — Александр Петров менен Руслан Боширов издөөгө алынган. Мурда аларга британ бийлиги да издөө жарыялаган. 2018-жылы мартта Петров менен Боширов Солсбери шаарында мурдагы орус чалгын кызматкери Сергей Скрипаль менен аны кызы Юлияга кол салган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18