24.kg
17:53, 28 июня 2021, 24.kg

Ташкентте базарларда коронавируска каршы бекер эмдөө жайлары ачылды

Ташкенттеги ири базарлар менен супермаркеттерде, ошондой эле айрым мектептерде коронавируска каршы эмдөө жайлары ачылды. Алардын тизмесин «Расмий кабарлар» аттуу телеграм-каналы жарыялады.

Өткөн аптанын соңунда Атайын республикалык комиссия 18 жаштан жогору бардык жарандарды мамлекеттик бюджеттин эсебинен бекер эмдөө тууралуу чечим кабыл алган.

Буга чейин комиссиянын чечими менен 50 жаштан ашкан жарандар жана жогорку окуу жайлардын профессорлору гана бекер эмдөөдөн өтүп жатышкан.

Ташкенттин базарлары менен супермаркеттеринде эмдөөдөн өткөн жарандар вакцинанын экинчи дозасын жашаган жериндеги бейтапканалардан алса болот. Алардын көбү ZF-UZ-VAC2001 өзбек-кытай вакцинасын алып жатса, айрымдары Орусиянын «Спутник V» вакцинасы менен эмделүүдө.

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөө иштери быйыл 1-апрелде башталган. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча вакцинанын 3,3 миллионго жакын дозасы пайдаланылып, калктын 4% толук эмдөөдөн өттү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18