24.kg
09:41, 28 июня 2021, 24.kg

Бүгүн Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусуна 2 ай болду

Бүгүн Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусуна 2 ай болду.

Эскерте кетсек, 28-апрель күнү Тажикстандын аскерлериБаткен районундагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын басып алууга аракеттенишкен.

Аны менен катар райондун Миң-Булак, Бужум, Достук, Дахма айылдары аткылоого алынып, Исфана-Ош жолу жаап, трассадан өтүп бара жаткан бир нече унаанын жүргүнчүлөрү октон каза тапты.

29-май күнү кечке жуук Тажикстан Лейлек районунун бир катар айылдарын тик учак жана миномет менен аткылаган. Ошол эле күнү Интернационал, Саада, Максат, Достук, Арка, Жаштык айылдарына тажик аскерлери кирип келишкен.

Баткен менен Лейлек районунан 56 миң жаран эвакуацияланат. 

11 жөнөкөй жаранды тажик аскерлери барымтага өз аймагына алып кирип кетет.

29-30-апрель жана 1-май күндөрү тажик аскерлери менен бирге Тажикстандын жарандары Кыргызстандын басып алган айылдарын тоноп, өрттөшөт. 

Жыйынтыгында 100го жакын үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМдин имараты, 3 чек ара заставасы, 10 АЗС жана 8 магазин өрттөлөт. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18