24.kg
09:15, 28 июня 2021, 24.kg

Муфтий болуп Замир Ракиев дайындалды

Кыргызстандын мусулмандарынын муфтийи болуп Замир Ракиев дайындалды. Бул тууралуу VII курултайда чечим кабыл алынды.

Замир Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Бишкек борбордук мечитинин Куран жаттоо медресесин аяктаган.

Билими:
Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинен билим алууну улантып, «Университетке даярдоо курсу» жана «Дин негиздери» багыты боюнча билимин жогорулаткан. Бишкек гуманитардык университетинен «Чыгыш таануу — Магистр» адистигине ээ болгон.
Эмгек жолу:
• 2007-2008 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин мугалими;
• 2008-2010 — Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинин директору;
• 2010-2011 — Нарын облусунун казысы;
• 2011-2016 — Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;
• 2016-2017 — Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы;
• 2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.
2020-жылдын 10-августунан тарта Бишкек шаарынын казысы болуп эмгектенип келген.
Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы.
Араб, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18