24.kg
08:47, 28 июня 2021, 24.kg

17 ооган жоокери Тажикстандын аймагына качып өттү

27-июнь күнү кечке жуук Ооганстандын Балх провинциясынын Шахритус районундагы талибдер менен салгылаштан соң артка чегинген 17 ооган чек арачысы курал-жарагы менен Тажикстандын аймагына качып өттү.

Бул тууралуу «Озоди» радиосу Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме кылып кабарлады.

«Гуманитардык жана кошуначылык мамилени эске алуу менен тажик чек арачылары аргасыз качкындарды Тажикстандын аймагына өткөздү», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

22-июнда Ооганстандын Шерхан-Бандар чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин 134 ооган аскери артка чегинип, Тажикстандын аймагына башпаанек сурап кирип келген. Азыр алар каякта турганы белгисиз.

Өзбекстан болсо Ооганстан менен чектешкен Термез аймагынан качып кирген ооган аскерлерин артка кайтарган.

БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс 22-июнда талибдер өлкөнүн 370 районунун 50дөн ашуунун басып алганын жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18