24.kg
18:52, 24 июня 2021, 24.kg

Түрк вакцинасынын үчүнчү фазасы Кыргызстанда да сыналат

Түркиянын Turcovac вакцинасынын үчүнчү фазасы Кыргызстанда да сыналат. Бул тууралуу 23-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа басма сөз жыйынында билдирди.

«Вакцинаны сыноонун үчүнчү фазасына 40 800 ыктыярчы катышат. Изилдөө Венгрияда, Азербайжанда жана Кыргызстанда жүргүзүлөт. Биз сыноого дагы бир нече өлкөлөрдү кошууга аракет кылып жатабыз» — деди Кожа.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Гүлбара Ишенапысова бул тууралуу азыр маалымат жоктугун айтты.

22-июнда Эржийес университети жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан Turcovac препаратынын изилдөөдөгү үчүнчү фазасынын биринчи дозасы Түркияда сынала баштады. Андан мурун министрлик ыктыярчыларды чакырып, эмдөөгө катышууга бир күндө 846 451 киши көңүлдүү болгон.

Түркияда учурда Pfizer/Biontech жана Sinovac вакциналары сайылууда. 22-июнга карата 83 миллион калктын 15 миллионго жакыны эмдөөнүн экинчи дозасын алган. Өлкөдө 25 жаштан улуулар эмделүүдө.

Вакцинаны түркиялыктар гана эмес өлкөдө туруктуу жашап, иштеген чет өлкөлүктөр да акысыз алып жатышат. Статистика боюнча Түркияда вирусту жугузуп алгандар жаз айларына караганда эселеп төмөндөдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18