24.kg
14:46, 24 июня 2021, 24.kg

Жапаров расмий сапар менен Тажикстандан сырткары Түркмөнстанга дагы барат

Садыр Жапаровдун Тажикстанга сапарын маалымат кызматы ырастады. 

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен чакан жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Андан ары, 28-29-июнда президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Тажикстан Республикасына барат.

Иш сапардын жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча маселелерди талкуулашат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18