24.kg
09:12, 12 июля 2019, 24.kg

Иман Каримова өзбекстандыктарды апасын бошотуу демилгесине кошулууга үндөдү

Түрмөдө отурган Гүлнара Каримова 7-июлдан 10-июлга чейин кызы Иман Каримова менен узак убакытка жолугушуу мүмкүнчүлүгүн алды. Бул тууралуу Өзбекстан ИИМинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы билдирди.
Иман Каримова апасы менен жолуккандан кийин Инстаграм аркылуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылды.
Имандын билдиришинче, гипертониялык кризисден кийин апасынын жүрөк оорусу күн сайын кармап жатат. Ал Гүлнаранын пролактини кескин көтөрүлүп кеткенин, бул мээде шишиктин пайда болушуна алып келерин айтууда.

Иман Каримова апасынын оорусун түшүндүрүп жатып, Мирзиёевден аны бошотууну суранды.

Мындан тышкары ал апасынын тагдырына кайдыгер эмес өзбекстандыктарды Гүлнара Каримованы бошотуу демилгесине кошулууга үндөдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18