24.kg
09:00, 12 июля 2019, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен жолугушту

Сооронбай Жээнбеков кечээ Москва шаарында бир күндүк иш сапар менен болуп, Владимир Путин менен жолугушту.

Өлкө башчысынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, лидерлер Россия президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде эки өлкөдө 2020-жылды кайчылаш жыл деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Кеңешинин алдыда боло турчу сессиясына даярдыктар талкууланды.

ЖККУ Саммити Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-ноябрында өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18