24.kg
16:05, 11 июля 2019, 24.kg

Түркияда каза болгон кыргыз жигитинин сөөгү 12-июлда Кыргызстанга алынып келинет

Түркиянын Аланья шаарында өлтүрүлгөн октон каза болгон Мухтарбек Иманалиевдин сөөгү 12-июнда алынып келинет. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Маалыматка караганда, башкы консул Эркин Сопоков Анталья провинциясында Мухтарбек Иманалиевдин жубайы жана туугандары менен жолугушуу өткөрдү.

Андан тышкары, консул Аланья шаарынын прокурору Ясин Эмре менен жолугуп, кыргыз тарабынын бул окуяны калыс жана эртерээк карап чыгуу жөнүндө өтүнүчүн билдирди. Эркин Сопоков Мухтарбек Иманалиев эмгектенип жүргөн «Long Beach Hotels» отелинин жетекчилиги менен да сүйлөшүү жүргүзгөн.

Маркумдун сөөгү 2019 — жылдын 12 — июлунда «Пегасус Азия» авиакомпаниянын рейси менен алып келүү күтүлүүдө.

Мухтарбек Иманалиев 7-июль күнү Аланья шаарында октон каза тапкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18