24.kg
15:58, 11 июля 2019, 24.kg

Алмазбек Атамбаев Конституциялык палатадан жардам сурады

Конституциялык палата КСДПнын «Президенттин ишмердигине кепилдик жана экс-президенттин макамы» тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө арызын кабыл алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине партиядан билдиришти.

Андан тышкары, Алмазбек Атамбаевдин юристтери Конституцилык палатага дагы арыз жолдошту. Алар Жогорку Кеңеш дагы экс-президенттин макамын ала албайт деп эсептешет.

«Мыйзамдын артка күчү жок. Алмазбек Атамбаев иштеген кезде ага мыйзамдын 2003-жылы кабыл алынган редакциясы иштеп жаткан. Андыктан ал мурдакы өлкө башчысы катары абсолюттук кол тийбестикке ээ», — деп билдирди КСДПдан.

«Президенттин ишмердигине кепилдик жана экс-президенттин макамы» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүу май айында күчүнө кирди. Ага ылайык экс-президент саясатка аралашып, партияны башкара албайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18