24.kg
11:10, 11 июля 2019, 24.kg

Чүйдөгү Восточный айылындагы чатактын себептери айтылды

Чүй районунун Восточный айылында кошуналар ичүүчү суу талашып мушташа кеткен. Бул тууралуу Чүй облусунун милиция кызматы билдирди.

Милициядан билдиришкендей, окуя кечээ, 10-июль күнү болгон. Кечээ болжол менен 11:05те Чүй районунун милиция кызматына Восточный айылында мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барган.

Белгилүү болгондой, 10-июль күнү кошуналар ортосунда ичүүчү суу боюнча чыр чыгып, алар уруша кетишкен. Мушташтан 66 жаштагы М.К. жана анын 35 жаштагы М.М. аттуу уулу, урушкандарды арачалап жаткан 30 жаштагы К.Б. аттуу жаран жаракат алган.

Жаракат алгандар аймактык ооруканага жеткирилген. Алардын арасындагы 66 жаштагы жаран ооруканага жаткырылган. Ал эми, калган экөө ооруканага кайрылып, кайра үйүнө кое берилген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 266-берене («бейбаштык») боюнча катталган. Тийиштүү экспертизалар белгиленген.

Бул окуяга шектүү катары 40 жаштагы Л.Р. жана 37 жаштагы Л.А. кармалган. Алардын бири — Л.А. аттуу жаран саламаттыгына байланыштуу аймактык ооруканада жатат. Ал эми. Л.Р. Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18