24.kg
11:04, 11 июля 2019, 24.kg

Өкмөт элди адеп-ахлакка, мекенчилдикке үндөгөн тасма долбоорун каржылоого даяр

Кыргыз улуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн эң мыкты кино долбоорлорго сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кино долбоор социалдык маанилүү, заманбап тематиканы камтуусу, коомдун жалпы кабыл алынган, жарандык жана адеп-ахлактык идеалдарына туура келип, чыгармачылык өзгөчөлүккө жана таасирдүүлүккө ээ болуусу керек.

Тасмалар сынагын өткөрүү мөөнөтү 1 ай, тагыраагы, 2019-жылдын 8-июлунан 8-августка чейин.

Тасманын өндүрүшүн каржылоо мамлекеттик каржылык колдоонун эсебинен субсидия түрүндөгү толугу менен же жарым жартылай ишке ашырылат. Бул искусство жарышына менчик түрүнө карабастан Кыргыз өлкөсүндөгү бардык кинематография мекемелери жана кино долбоорлордун продюсерлери катыша алат.

Сынактын биринчи этабы 8-июлунан 8-августуна, экинчиси 23-августуна чейин өтөт.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18