24.kg
10:59, 11 июля 2019, 24.kg

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде эки сүрөттүн оригиналы изделүүдө

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде эки көчүрмө сүрөт табылды. Бул тууралуу Alerte Héritage маалымдайт.

Атайын түзүлгөн комиссия 250 сүрөттү карап чыгып, эки сүрөттүн көчүрмөсү турганын аныкташкан.

Андрей Мыльниковдун «Сон» жана Евсей Моисеенконун «Ольга» сүрөттөрүнүн оригиналы музейден табылган эмес. Бул картиналар өтө жогору баада экени белгиленет.

Белгилей кетсек, музейдин мурдакы директору Юристанбек Шыгаев буга чейин эки сүрөттү музейден алып чыкканы маалымдалган. Ал сүрөттөрдүн бирин бузуп алганын сүрөтчү Таалайбек Усубалиев байкап калган. Ал музейди кыдырып жүрүп, Сверчковдун «Ат жана ит» сүрөтүндөгү чийиндерди көргөн. Юристанбек Шыгаев жумуштан алынып, анын ордуна Мира Жангарачева дайындалып, музейдиги ишти иликтөө үчүн атайын топ түзүлдү.

Photo 126307

Юристанбек Шыгаев музейди 2008-жылдан бери башкарып келет.

Photo 126308

Сүрөтчүлөр Юристанбек Шыгаевди көчүрмө жасоонун мастери экендигин айтышып, буга чейин түрк жаранына белгилүү сүрөттөрдүн копиясын сатканын айтып чыгышты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18