24.kg
09:12, 11 июля 2019, 24.kg

Арыстагы ок-дары сакталган кампа атайлап өрттөлүшү мүмкүн

Казакстандын тергөө органдары тарабынан Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы өрттүн чыгышынын бир канча версиясы, анын ичинде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу жана атайын өрт коюу версиясы каралууда. Бул тууралуу 10-июлда өлкөнүн коргоо министри Нурлан Ермекбаев билдирди.

«Укук коргоо органдары тергөө иштеринин алкагында бардык ыктымал версияларды караштырууда. Алардын арасында адам фактору, өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу, шалакылык жана техникалык себептер бар. Булардан тышкары атайын өрт коюу же диверсия версиялары дагы каралууда», — деди министри.

Ермекбаев өрттүн кесепеттерин жоюу иштери кеминде дагы бир ай улана турганын кошумчалады.

Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампада өрт 24-июнда эртең менен тутанган. Анын жыйынтыгында эки аскер кызматкери жана бир жергиликтүү тургун мерт болгон. Мындан тышкары 400дөн ашык киши медициналык жардам сурап кайрылса, ондогон адам ооруканаларга жаткырылган.

Бийлик өткөн жумада турак үйлөрдүн 85 пайызы зыянга учураган шаарды калыбына келтирүү үчүн ондогон миллиард теңге талап кылынарын билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18