24.kg
09:09, 11 июля 2019, 24.kg

Forbes эң көп акча тапкан атактуулардын рейтингин жарыялады

Американын Forbes басылмасы эң көп акча тапкан белгилүү адамдардын быйылкы рейтингин жарыялады.

Бул жылы тизменин сап башына ырчы жана актриса Тейлор Свифт турат. Анын бир жылдык кирешеси 185 миллион долларды түзгөн.

Экинчи орунга Ким Кардашьяндын сиңдиси, «Кардашьяндар үй-бүлөсү» реалити-шоусунун катышуучусу Кайли Женнер жазылган. Ал бир жыл ичинде 170 миллион доллар тапкан.

Рейтингдин үчүнчү сабына 150 миллион доллары менен рэпер Канье Уэст жайгашса, төртүнчү орунга бир жылда 127 миллион доллар киреше тапкан футболчу Леонель Месси жазылган. Булардан тышкары алдыңкы бештикке британ ырчысы Эд Ширан кирген. Анын бир жылдык кирешеси 110 миллион долларга жеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18