24.kg
16:37, 10 июля 2019, 24.kg

Франция Өзбекстанга Гүлнара Каримованын акчасын кайтарат

Франция Гүлнара Каримованын Париждеги мүлкүн сатуудан түшкөн пайданы Өзбекстан өкмөтүнө которот. Бул тууралуу 9-июлда франциялык RFI радиосу прокурор Николя Байетого шилтеме берүү менен билдирди.

Гүлнара Каримованын Париждеги мүлкү 2019-жылы жазында 14 миллион еврого сатылган. Бул ал өзү сатып алган баага караганда эки эсеге төмөн. Сатуудан түшкөн акчанын 3 миллион евросу тергөө үчүн кеткен чыгашаларды жабуу үчүн жумшалат.

Прокурордун айтымында, кеп Гулнаранын Париждеги батири, Сен-Тропедеги вилласы жана Версалдан алыс эмес жайгашкан де Грусседеги хан сарайы жөнүндө болуп жатат.

Франциялык тергөөчүлөр бул объектилер чет өлкөлүк телекоммуникациялык компаниялар берген парага алынган деп эсептешет.

Каримованын Франциядагы мүлкү тууралуу акыркы чечим ушул жылы чыккан. Өзбекстан өкмөтү менен 18 ай бою сүйлөшүү жүргөн.

Өзбекстан өкмөтү канча акча алары белгисиз. Француз басылмаларынын билдиришинче, Гүлнара Каримова Париждеги батирин 31 миллион еврого, вилласын 2 миллион 400 мин еврого, хансарайын 28 миллион еврого сатып алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18