24.kg
08:50, 10 июля 2019, 24.kg

Аллергияга каршы май ойлоп тапкан тажикстандык окумуштуу эки алтын медаль алды

Тажикстандык окумуштуу Мавлуда Давлатмамадова аллергияга каршы май иштеп чыкканы үчүн Ойлоп табуучу аялдардын 12-эл аралык KIWIE 2019 көргөзмө-форумунун жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик уюмунун эки алтын медалына ээ болду.

33 жаштагы Мавлуда Давлатмамадова — техника илимдеринин кандидаты, Фармацевтикалык илимий-иликтөө борборунун илимий кеңешинин катчысы. Ал дары чөптөрдүн негизинде аллергияга каршы май ойлоп тапкан.

«Минералдык тальктан балдарга себе турган порошок даярдадым. Анан ага уйгак, чегендири, этил спиртин коштум, анан аллергияга каршы май пайда болду», — деди Мавлуда Давлатмамадова.

Өткөн айдын соңунда Сеулда Бүткүл дүйнөлүк аялдар ассоциациясы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик уюмунунун колдоосу менен Ойлоп табуучу аялдардын 12-эл аралык KIWIE 2019 көргөзмө-форумун өткөргөн.

Форумда Тажикстандан барган сегиз аял алтын, күмүш жана коло медалдарды алган.

2012-жылдан бери тажикстандык ойлоп табуучу аялдар 15 эл аралык алтын сыйлыктарга ээ болгон. Табылгалардын көбү медицина жана химия тармагына таандык.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18