24.kg
17:05, 09 июля 2019, 24.kg

Тажик бийлиги эл каттоо маалында жарандардын дин ишенимин аныктайт

Тажик бийлиги кезектеги эл каттоонун жүрүшүндө өлкө жарандарынын дин ишенимдерин аныктоого ниеттенип жатат.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Абдухалим Гаффоров өлкө жарандарынын басымдуу бөлүгү ислам динин тутаары баарына эле белгилүү экенин, бирок эл каттоо маалында алардын так саны аныктала турганын билдирди.

«Сүйлөп жатканда биз дайыма өлкө калкынын 90 пайызы мусулмандар деп айтабыз. Азыр биздин максат — эл каттоо маалында ислам, христиан жана башка диндерди туткандардын жана атеисттердин так санын аныктоо», — деди депутат.

Анын айтымында, мындай маалыматтар мамлекеттик органдарга, ошондой эле Тажикстан бийлиги менен кызматташкан эл аралык уюмдарга керек.

Дүйнө өлкөлөрүнүн көбүндө эл каттоо маалында адамдын дин ишеними тууралуу суроолор берилбейт же аларга жооп берүү милдеттүү болбойт.

Тажикстанда исламдан тышкары 70тен ашык диний уюм каттоодон өткөн. Тажик бийлиги ислам агымдары жана башка диний уюмдарга карата басымы үчүн көптөгөн жылдардан бери батыш өлкөлөрү менен эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18