24.kg
12:34, 09 июля 2019, 24.kg

Жалал-Абадда 11 жаштагы баланы мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти

Жалал-Абад облусундагы Cузак районунун Каңды айылында 11 жаштагы баланы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бала өз үйүнүн босогосунда колу-буту скотч менен байланган абалда табылган. Денесинде 20дан ашык бычактан алган жаракаты бар экени аныкталган. Факты боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, тергөө үчүн сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

«Адам өлтүрүү тууралуу милицияга маалымат түшкөндө барып, иликтөө жүргүзүлдү. Окуя болгон учурда үйдө ата-энеси болгон эмес. Маркум бала жана анын эжеси болгон. Үйдөн «сенден балаң аркылуу өч алдым» деген жазуу бар кат табылды. Маркумдун эжеси көрсөтмөсүндө үйдөн хиджаб жамынган киши чыгып бара жатканын көргөнүн айтты. Учурда тергөө иштери жүрүүдө», — деп билдирди Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18