24.kg
09:38, 09 июля 2019, 24.kg

Дүйнөдө бир жылда үй-бүлөдөгү зомбулуктан 50 миңге жакын аял каза болгон

Дүйнөдө 2017-жылы 50 миңге жакын кыз-келин өнөктөштөрү же туугандары тарабынан жасалган зомбулуктан улам каза болгон. Мындай маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын 8-июлда жарыяланган баяндамасында жазылган.

Баяндамада белгиленгендей, жалпысынан 2017-жылы кылмышкерлердин колунан 87 миң аял каза тапкан. Ушул эле жылы бардык куралдуу кагылыштардын жыйынтыгында 89 миң киши мерт болгон.

Баяндаманын авторлору 2012-жылга салыштырмалуу үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза болгон аялдардын саны өскөнүн белгилешүүдө. 2017-жылы үй-бүлөлүк зомбулук учурларынын көбү Азияда (дээрлик 20 миң) катталган. Африкада 19 миңдей, Америка континентинде 8 миң, ал эми Европада 3 миң аял өнөктөшүнүн жана туугандарынын колунан ажал тапкан

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18