24.kg
13:47, 08 июля 2019, 24.kg

Идлибде орус-сирия операциясынан 500 киши өлдү

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында өкмөттүк аскерлер орусиялык өнөктөштөрү менен чабуул жасап, 500дөй карапайым жашоочу мерт болду, эки миңден ашууну жаракат алды.

Аймакта аскердик операция эки ай мурун башталган. Бул тууралуу Reuters агенттиги Адам укуктары боюнча сириялык борборго таянуу менен билдирүүдө.

Укук коргоочулардын айтымында, орусиялык жана сириялык аскерлер жөнөкөй жашоочуларга атайлап сокку уруп, ооруканаларга бомба таштоодо. Буга чейин Human Rights Watch уюму чабуул учурунда кассеталык жана өрттөнүүчү куралдар колдонулуп жатканын кабарлаган.

Москва менен Дамаск бул маалыматты четке кагууда. Орусия куралчан сириялык оппозицияны ок атуу келишимин бузууга айыптоодо.

БУУнун маалыматы боюнча аскердик операциялар башталгандан бери Идлибден кеминде 300 миң киши качып, Түркия менен чек аралаш жерге барган. Баардыгы болуп аймакта үч миллион киши жашайт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18