24.kg
12:21, 08 июля 2019, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков «Алтын серфикат» ээлерин куттуктады

«Билимдүү жаштар менен өлкөбүздүн бардык тармагын өркүндөтөбүз», — деп президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр менен жолугушууда билдирди.

Аларга «Алтын сертификат», президенттин мактоо баракчасы жана смартфон тапшырылды.

Быйыл 52 бүтүрүүчү ЖРТдан жогорку балл алган. Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга аймактардан 13 мыкты окуучу чакырылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл аймактардагы мектептер жакшы жыйынтык көрсөткөнүн белгиледи.

«Кыргызстан — жогорку окуу жайга кирүүнү каалаган бүтүрүүчүлөрдү тестирлөөнү көз карандысыз мамлекеттик уюм аркылуу жүргүзгөн Евразиядагы биринчи өлкө. Белгилей кетүүчү нерсе — жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын орточо баллы туруктуу өсүү тенденциясына ээ болду. Бюджеттик негизде окуган студенттердин жетишүүсү кескин түрдө жогорулады», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18