24.kg
14:30, 05 июля 2019, 24.kg

Бишкекте аял ишкерлердин форуму өтүп жатат

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ишкер аялдардын улуттук форуму өтүп жатат.

«Кыргызстанда аялдардын ишкердиги: жаңы күч» деп аталган конференцияга өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишкер айымдар катышууда.

Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бул жер ишкерликтин бардык багытын талкуулап, дагы көп аялдарды тартуунун натыйжалуу чараларын иштеп чыгуучу аянтча болорун белгиледи.

Иш-чаранын түштөн кийинки бөлүгүнө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышары күтүлүүдө.

Кыргызстанда бизнеске аралашкан айымдардын катары калыңдап баратат. Бирок ошого карабай, Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда ири ишкерлик менен алектенгендердин 2 пайызы гана аялдар. Өндүрүш тармагында аялдар 22%, соодада 56% түзөт. Өзүнүн жеке ишин ачкандар 19 пайызды түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18