24.kg
08:50, 05 июля 2019, 24.kg

Нурсултан Назарбаевдин Лондондо кармалган небереси бошотулду

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаев 4-июлда өткөн болжолдуу угуулар маалында полиция кызматкерин тиштеп алгандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу Court News UK жаңылыктар сайты билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, сот Айсултан Назарбаевди «кийинки соттук угууларга чейин Priory Group ооруканаларынын биринде болуу» шарты менен күрөөгө бошотту. Бул иш боюнча кийинки отурум 2020-жылдын 20-мартына белгиленген.

Назарбаев 5-июнда Росс Сэмбрук аттуу полиция кызматкерине кол салган деп айыпталууда.

«Соттолуучу Тависток көчөсүндөгү батирде болгон. Анда полиция кызматкерлери менен пикир келишпестиктер чыгып, ал офицерлердин бирин тиштеп алган», — деп билдирген 26-июнда прокурор Грегор МакКинли.

Андан мурдараак британ полициясы Айсултан Назарбаев аттуу жаран Лондондогу батирлердин биринде өз жанын кыюуга ниеттенип, полиция кызматкери ага тоскоолдук кылган учурда аны тиштеп алганын билдирген.

Айсултан Назарбаев — Казакстан Сенатынын спикери Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин баласы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18