24.kg
08:47, 05 июля 2019, 24.kg

Самаркандда ит капкан тогуз жаштагы бала каза болду

Өзбекстандын Самарканд облусундагы Равонак айылында бир ай мурда ит каап алган тогуз жаштагы бала каза болду.

Айыл тургундарынын айтымында, алгач ата-энеси баланын жараатына көңүл бурушкан эмес.

«22-июнда баланын дене табы жогорулап, кутурма белгилери менен облустук инфекциялык ооруканага жеткирилген. 3-июлда каза болуп калды», ؅— деди айыл жашоочусу.

Инфекциялык ооруканадан билдиришкендей, каза тапкан баланын анализдери Ташкенттеги илимий-изилдөө борборуна жөнөтүлдү. «Анализдин жыйынтыктары бир жумадан кийин белгилүү болот. Ага чейин эч нерсе айта албайбыз», — деди оорукана дарыгери.

Баланын өлүмүнөн кийин райондо кутурмага каршы үй жаныбарларын, анын ичинде иттер менен мышыктарды жапырт эмдөө иштери башталды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18