24.kg
14:43, 04 июля 2019, 24.kg

Екатеринбургда атылган кыргыз диаспорасынын башчысына эч ким жардам берген эмес

Орусиянын Екатеринбург шаарында атылып өлтүрүлгөн жеке ишкер, «Кыргызстан-Урал» кыргыз диаспорасынын негиздөөчүсү Камчыбек Каримовго кол салуу видеого түшүп калган. Ал орусиялык сайттарга жарыяланды.

Анда Камчы Каримовду эки киши кууп келип, колундагы баштыкты талашат. Кыргыз ишкер аны кое бербей катуу мыжыгып, акырында жерге кулайт. Кылмышкерлер ок чыгарып, баштыкты тартып ала албай, качып кетишет. Буга чейин күбөлөр, кылмышкерлер акчаларды чөнтөктөрүнө салып кеткенин айтышкан.

Видеодо кол салуу унаа токточу жайдын алдында, көчөдө кишилер көп болуп, ишкерди сабап жатышканда жанынан басып өткөндөр көрсөтүлөт. Ары-бери баскан адамдар жакынкы дүкөнгө кире качып, кылмышкерлер кеткенден кийин гана Камчы Каримовдун жанына барышат.

Белгилей кетсек, Камчы Каримов Уралда кыргыздарды жетектеп, жакын жардам көрсөтүп келген. Ал Россияда ишкерлик менен алектенген. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18