24.kg
14:25, 04 июля 2019, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков Баткен элин чагымдарга алдырбоого чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арага жакын жашаган баткендиктерге мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошуп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

Өлкө башчысы чек аранын бекем болушу элдин кайраты, майтарылбас эрки менен шартталарын белгиледи.

«Мен билем, такталбаган чек аранын айынан ар кандай окуялар орун алууда. Ошондуктан, чагымчылдарга алдырбай, «алыскы туугандан — жакынкы коӊшу артык» дегендей, коӊшу мамлекеттин жарандары менен ынтымакта болуу — өзгөчө маанилүү. Түбөлүктүү коӊшулар менен ынтымакта, тыгыз карым-катнашта болгонго эч нерсе жетпейт. Коӊшулар менен ичкен суубуз бир, базарыбыз, мазарыбыз, динибиз бир», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Photo 125611

Мамлекет башчысы чек ара маселесин чечүү жеңил эмес экенин, Өзбекстан мамлекети менен көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерине чекит коюлуп, чек арабыз 85 пайызга такталганын эске салды.

«Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен болгон жолугушуубуз тарыхый окуя болду. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен да бир топ жакшы сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Учурда Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттеринин ортосунда демаркация жана делимитация боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18