24.kg
14:13, 04 июля 2019, 24.kg

АКШ Аида Салянованын агасына саясый башпаанек берди

Аида Салянованын агасы Калыбек Эльтуйбасов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү АКШдан саясый башпаанек алышты. Маалыматты 24.kg агенттигине анын туугандары ырасташты.

АКШнын Иммиграциялык соту Калыбек Эльтуйбасовдун өтүнүчүн карап көрүп, ага каршы иш саясый негизде экенин белгилешкен.

Маалыматка караганда, Калыбек Эльтуйбасов АКШнын Иммиграциялык сотуна тийиштүү документтер менен бирге, ЖМКга чыккан маалыматтардын көчүрмөсүн жөнөткөн. АКШ соту ага каршы айыптар атайын жасалма фактыларга негизделерин айтат.

«Кыргызстанда жемкорлук кеңири жайылгандыктан бийлик каалаган соттук чечимди чыгаруу үчүн ага каршы далилдерди жасай алат. Учурда бийликте турган партия өзүнүн саясый оппонентерин басуу үчүн сот бийлигин кеңири колдонуп келет», — деп айтылат.

Калыбек Эльтуйбасов 19 жаштагы Камиля Дүйшебаеванын өлүмүнө байланыштуу иште күбө катары каралган. Ал Камиля Дүйшебаева менен тааныш болуп, акыркы жолу көргөндөрдүн катарында. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18