24.kg
13:37, 04 июля 2019, 24.kg

Азимбек Бекназаровдун уулу президенттик аппаратка жумушка келди

Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнө эксперт болуп дайындалды. Бул маалыматты 24.kg агенттигине бөлүмдүн башчысы Саякбай Субанов ырастады. 

Анын айтымында, Руслан Бекназаровдун тажрыйбасы эске алынды. Ал өлкөнүн аймактарынан жарандардан келген кайрылууларды анализдөө жана президенттик аппараттын мындан аркы иш жүргүзүүсүнө эксперттик сунуштарды киргизүү милдетин аткарат. 

Руслан Бекназаров 38 жашта. Ал эмгек жолун Акыйкатчы институтунан баштап, Улуттук коопсуздук кызматында, өкмөттө, ТИМде иштеген. 2011-2012 жылы Кыргызстандын Жапониядагы элчиси болгон. 

2017-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18