24.kg
12:16, 04 июля 2019, 24.kg

Бир жылда жеке ишкерлердин саны 3,1 пайызга өстү

2018-жыл ичинде Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин маалыматтар базасына киргизилген жеке ишкерлердин саны 3,1 пайыза өстү. Бул тууралуу Улуттук статком билдирет.

Алардын маалыматында, 2019-жылдын 1-январына карата 401,7 миң ишкер катталган.

2018-жылы аймактарда 15,3 миң ишкана иштеген, анын ичинен 14,5 миңи — чакан ишканалар, 0,8 миңи — орто ишканалар.

Чакан жана орто ишканалардын 67,2 пайызы Бишкек шаарында жайгашкан.

Бул жаатта 91 миң адам жумуш менен камсыз болгон.

2018-жылы чакан жана орто ишкердик субъекттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 55,6 миллиард сом өлчөмүндө түзүлүп, өткөн жылга караганда 9,8 пайызга көбөйдү. Баткен, Нарын, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарындагы ишканалар көп товар өндүрүшкөн.

Чакан жана орто ишкердиктин продукцияларынын дүң чыгарылышынын түзүмүндөгү 60 пайызы дыйкан (фермер) чарбалары өндүргөн продукцияларга туура келген. Анын 60 пайызы өсүмдүк өстүрүүчү чарбалардын, 39 пайызы  мал чарба продукциялары. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18