24.kg
09:26, 04 июля 2019, 24.kg

Түркмөн эли жапырт сыртка агылууда. Чет өлкөдөгүлөрүнүн мекенине кайткысы жок

Чет өлкөдө окуган түркмөн студенттеринин, эмгек мигранттарынын көбү өлкөсүнө кайтып келүүдөн баш тартышууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, өлкөнүн калкы четке массалык түрдө чыгып кетүүдө.

«Дашогузда жашоо чыдагыс болуп калды. Көптөгөн кишилер, атүгүл мамлекеттик кызматтарда, полицияда, акимчиликтерде иштегендер жумушун таштап кетишүүдө. Чындыгында алар башкаларга салыштырмалуу жакшы табышат. Бирок мунун баары салыштырмалуу, бул жашоо үчүн жетпейт», — деп айтылат маалыматта.

Түркмөн бийлиги миграция көйгөйүн расмий түрдө мойнуна ала элек.

​"Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен акыркы он жылда өлкөдөн 1 миллион 879 миң жаран чыгып кеткенин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18