24.kg
18:16, 03 июля 2019, 24.kg

Алмазбек Атамбаев: Бийлик күзгө чейин алмашат

Алмазбек Атамбаев парламенттин таркатылышын колдойт. Бул тууралуу ал «Форумдагы» митингде айтты.

Ал азыркы Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн алсыздыгын белгиледи.

«Бул чимкирик парламент кетиши керек. Муканды дагы билем (Мухаммедкалый Абылгазиев — ред), бирок ал да иштебей жатат», — дейт ал.

Ал Жогорку Кеңешке тез шайлоо жарыялап, өкмөттү отставкага кетишин талап кылды.

«Өкмөткө элдик министрлер келсин. Өздөрү каалабаган кишини шайлабасын. Мына түрмөдө Сапар Исаков деген аппак жигитибиз олтурат. Ошону дайындашсын. Андан тышкары, Жемкорлук менен күрөшүү кызматынын жетекчиси дагы жоопко тартылсын», — деди ал.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, азыркы бийлик узакка иштей албайт.

«Булар көпкө иштей албайт. Күзгө чейин кетет. Көпкө олтурса жөн эле ыдырап түшүп калат», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18