24.kg
14:46, 03 июля 2019, 24.kg

Кой-Ташка Атамбаевге каршы митингге кошулууга каалагандардын саны өсүүдө

Нариман Түлеевдин штабына кошулгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мурдакы мэри Алмазбек Атамбаевдин жоопко тартылышын талап кылган штаб түзгөн.

Анын айтымында, ал мынчалык көп колдоону күткөн эмес.

«Бүгүнкү күндө миңдей адам кайрылды, жүздөгөн чалуулар болуп жатат. Биз муну күткөн эмеспиз жана координацияны оңдоого аракет кылып жатабыз. Атамбаевдин үйүнө баргысы келип, аны менен бирге мыйзамдуулуктун сакталышын, башаламандык жана толкундоолорду болтурбоону каалагандардын саны миңдеп саналат. Анын иш-аракеттеринен улам чет элдик басылмаларда, жадакалса АКШнын мамлекеттик департаменти туристтер үчүн эскертүү таратты. Ал миңдеген жарандар арасында кыжырланууну жаратты. Өз кызыкчылыгы үчүн өлкөнү ыңгайсыз абалда көрсөтүүгө даяр экен. Ага карата массалык жек көрүү болорун күткөн эмесмин, бирок бул факт», — дейт ал.

Нариман Түлеев Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн алдында митинг өткөрмөкчү.



Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18