24.kg
09:01, 03 июля 2019, 24.kg

Атамбаевдин аткаминери Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу Коомдук телерадио компаниясынын «Ала-Тоо 24» каналында «Көлөкө» аталышындагы журналисттик иликтөөдө айтылды.

Иликтөөдө Алмазбек Атамбаевдин жакындарынын ири коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп айтылат.

«2016-жылы БЛС курулуш компаниясынын ишин кароо учурунда Раиса Атамбаева бир нече жолу жолугушууну суранып талап кылды. Бул жолугушуулар болду. Ага башка адамдар да катышты. Анын ичинде жолугушуулардын биринде анын уулу Раис да болгон. Бул жолугушууларда соттук ишти чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүшкөн, экинчи инстанцияда», — дейт Манас Арабаев. Анын айтымында, Раиса Атамбаева бул иш боюнча СМС дагы жазган.

«Бул жагдайларды телефондук номердеги жазууларды алуу аркылуу тактаса болот. Анда ал жолугушууну жана белгисиз адамдарды кабыл алууну талап кылат. Ал адамдар түздөн-түз бул ишти чечүүгө катышкан», — дейт суракта Арабаев. КТРКнын материалында, Манас Арабаев менен жолугушууга Раиса Атамбаеванын тууганыны кудасы Бектурсун Айталиев дагы катышкандыгы айтылат. Манас Арабаев Бектурсун Айталиев аны коркутуп-үркүтүүлөргө барганын белгилейт. 

Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматын 2015-жылдын февраль айынан 2018-жылдын 15-майына чейин аркалап келген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18