24.kg
16:56, 02 июля 2019, 24.kg

Иркутск облусунда суу каптаган райондордон кыргыз жарандары такталууда

Орусиянын суу каптаган Иркутск облусунда жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары бар же жогу такталып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Москвадагы элчилигинин расмий өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Элчилик маалыматты тактоодо.

Иркутскда 7 миңге жакын кыргыз мигранты эмгектенет.

Орусиянын Иркутск облусунда суу ташкынынан улам 12 адам каза болуп, 9 адам дайынсыз болууда. Кырсыктын кесепетинен 6 миң 700 турак жай, мектеп, оорукана жана социалдык мекемелер суу алдында калды. Жалпысынан табигый кырсыктын кесепетинен 751 адам жабыркап, 153 адам ооруканага жеткирилген.
Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Иркутск облусундагы жоготууларга байланыштуу Россия президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18